Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда кар калың жааганына байланыштуу Жапыртмак жайлоосунда 2 чабан мал-жандыктары менен калып калгандыгы тууралуу ӨКМга маалымат келип түшкөн. 13-сентябрда ӨКМнын Талас облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам тобу Жапыртмак жайлоосун көздөй чыгып кетишип, Музтөр жайлоосундагы күрткүдөн ары өтө албай Ала-Бел ашуусу аркылуу Терс жайлоосуна жетишкен. Болжол менен 2 миңдей кой жайлоодо экенин ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлайт.
"Кичи-Суусамыр жайлоосунда 7 чабан мал-жандыктары менен калып калышкан. 12-сентябрь күнү чабандарды көчүрүп келүү максатында атайын ыкчам топ түзүлүп, 5 чабанды мал жандыктары менен аман-эсен коопсуз жайга түшүрүшкөн. Ал эми 2 чабан малы менен 12-сентябрь күнү саат 03:00дө өз алдынча жайлоодон аман-эсен түшүп келишкен. Жалпы 5 чабан, он миң кой, 500 уй-жылкы түшүрүлгөн, болжол менен 50 кой өлгөн", - деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле кабарда Аксы районундага Кум-Бел менен Миң-Бугу жайлоолорунда да малчылар жааган кардан улам мал-жандыктары менен калып калышканы жазылган. 12-сентябрь күнү саат 16:00дө куткаруучулардын тобу Кум-Бел жайлоосуна жетишип, чабандарды мал-жандыктары менен күрткүдөн өткөрүшүп туруктуу жайгашкан ордуларына көчүрүлгөн. Натыйжада болжол менен 3 чабандын 8 жылкысы жана 13 баш кою өлгөн. Ал эми Миң-Бугу жайлоосуна чыгып кеткен 2 топ менен байланыш жок.
"Тогуз-Торо районунда болсо 9-сентябрда калың жааган кардан улам Саймалуу-Таш тилкесинде койчулар мал-жандыктары менен калып калышкан. 10-сентябрь күнү саат 18:26да малчыларды Кыл-Доо тилкесине малы менен аман-эсен түшүрүшкөн. Болжол менен облус боюнча он миң баш кой, 500 уй-жылкы түшүрүлгөн. Ошондой эле 8 жылкы 63 кой өлгөн", - дейт ӨКМ.