Вице-премьер: "Өткөн жылга салыштырмалуу быйыл жол кырсыгынан каза болгондордун саны 10 пайызга өстү"

Бүгүн, 13-сентябрда "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын жыйынында “Коопсуз шаар” долбоору тууралуу маселе каралды.

Жыйында вице-премьер-министр Жеӊиш Разаков мекемелер аралык жумушчу топ жол кыймылы эрежелеринин бузуунун 8 түрү боюнча айып пулдардын көлөмүн төмөндөтүү боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыккандыгын маалымдады. "Бүгүнкү күндө мыйзам долбоору өкмөттө коомдук талкууда. "Коопсуз шаар" долбоорунун ишке кириши менен Бишкек шаарында жол кырсыктары 49 пайызга, Чүй облусунда 50 пайызга азайган. Бирок акыркы 7 айдын статистикасы боюнча өлкөдө жол кырсыктары боюнча абал начарлап кеткен. Кырсыктардын саны 3492ни түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу көбөйгөн. Анда 380 адам каза болуп, өткөн жылга салыштырганда 10 пайызга өскөн. Өлкө аймагы боюнча, айрыкча, Талас, Ош, Баткен облустарында жол кырсыктарынын саны арбыган", - дейт Разаков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Adi010891
2019-09-13 16:23:23
Ошондо жол кырсыгынан каза болгондор 10℅ осту деп суйунчулоп айтып атканыбы?
-2
Kuba-savai87
2019-09-13 22:43:17
Adi010891,баш болбосо бекер экен да адам да.
0
shahlet
2019-09-14 15:03:41
кызык кандай ойдо айтты экен,бул созду!Экономиканы 10 пайызга которуп койгонсуп.......
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан