Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар делген жаран "опузалап талап кылуу" беренеси менен кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 8-сентябрь күнү саат 16:00 чамасында Ала-Бука районунун тургуну Т.И. өзүнүн оор жүк ташуучу унаасы менен Чаткал районунун Жаңы-Базар айылында бараткан учурда, өзүнө бейтааныш эки жаран унаа менен алдынан эч себепсиз тосуп токтотушкан. Алардын бири өзүн Болот деп тааныштырып, "ушул жолдо жүргөнү үчүн он миң сом бересиң" деп коркутуп, айдоочуну 3-4 саат жолдо кармап турушкан.
"Бул факты Жалал-Абад ОИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "опузалап талап кылуу" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Жалал-Абад ОИИБинин жана Чаткал РИИБинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-аракеттеринин натыйжасында мурда үч жолу соттолгон, уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар делинген “Басмач” каймана аты бар 30 жаштагы Чаткал районунун тургуну У.Б. жана анын кылмыштуу шериги 22 жаштагы С.Д. кармалган. Шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы каралып, 2 айга камакка алынышкан. Учурда шектүүлөрдүн башка кылмыш иштерине тиешеси бар-жоктугу териштирилүүдө", - деп билдирет басма сөз кызматы.