13-сентябрда "Ата Мекен" парламенттик фракциясынын депутаттары Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Жазы-Кечүү айылындагы унаа жолуна жана электр өткөрүү маселесине байланышкан маалыматтарды укту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, отурумга өкмөт өкүлдөрү жана тиешелүү мекемелердин жетекчилери катышты. Депутаттар бул маселе аталган аймак үчүн актуалдуу экенин белгилешип, тез арада чечүү зарылчылыгын кошумчалашты.
Ал эми "Улуттук энергетикалык холдинг" башкармалыгынын төрагасы Айтмамат Назаров маселени чечүү үчүн алгылыктуу иштерди жасоо керектигин айтып, Жазы-Кечүү айылынын аймагына кичи ГЭС куруу мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирди. “ГЭСти куруп алсак, ал сегиз жылда өзүн актап берет”, – деди Айтмамат Назаров.
Жыйын соңунда депутаттар бул маселени Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына алып чыгууга токтолушту.