Депутат айып пулдарды төлөөдөн түшкөн каражаттар жарандардын коопсуздугун шарттоочу иш-чараларга жумшалышы керектигин айтты

Кечээ, 13-сентябрда "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын жыйынында “Коопсуз шаар” долбоору тууралуу маселе каралды.

Фракция лидери Бакыт Төрөбаев ишеним кат берилген авто унааларга салынган айып пулду унаанын жаӊы ээси төлөйбү же эски ээси төлөйбү деген маселе талаш болуп келе жаткандыгына токтолду. Анын пикиринде, өкмөт тиешелүү токтому менен ишеним катты жокко чыгарып, унааны каттоону арзандатуу керек. "Ошондо сатып алып жаткан жаран унааны дароо каттатат. Же болбосо ишеним кат менен саткан жаран толугу менен жооптуу боло тургандыгы белгилениши керек. Мындан сырткары, фракция лидери жол эрежесин бузууда коюлган айып пулдарды төлөөдөн түшкөн каражаттар жарандардын коопсуздугунун, өмүрүнүн, ден соолугунун сакталышын шарттоочу иш-чараларга жумшалышы шарт", - дейт Төрөбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан