Депутат Алтынбек Жунус уулу спирт ичимдиктерин ичип алып автоунаа айдагандарга айып пулдун көлөмүн кескин көбөйтүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал кечээ, 13-сентябрда "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын жыйынында билдирди.
Алтынбек Жунус уулу чет өлкөлүк номерлер менен жүргөн айдоочулар көз көрүнөө эле жол кыймылынын эрежелерин бузуп айдап жүрүшкөндүгүн айтты. "Минтип отурса, мыйзамды сактап айдагандар, көзөмөл органдарына нааразычылыгы күчөп, бара-бара жол эрежелерин сактабай баштайт. Спирт ичимдиктерин ичип алып автоунаа айдагандарга айып пулдун көлөмүн кескин көбөйтүүнү сунуштайм. Жарандарыбыздын жашоо-турмушуна ылайыктап, анча маанилүү болбогон эреже бузууларга айып пулдардын көлөмүн төмөндөтсөк. Болбосо эптеп эле айып пулдар менен бизнес кылып жаткандай болуп көрүнөт экен", - дейт депутат.