Ош мамлекеттик университетинин ректорунун милдетин аткаруучу болуп билим берүү министринин орун басары Кудайберди Кожобеков дайындалды

Кудайберди Кожобеков Ош мамлекеттик университетинин ректорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган окуу жайдын сайтына жарыяланды.

Кудайберди Кожобеков 1997-жылы Ош мамлекеттик университетинин Физика-математика факультетин аяктаган.

1997-2002-жылдары Ош мамлекеттик университетинин Колдонмо математика жана информатика кафедрасынын окутуучусу;

2002-2007-жылдары аталган университетте Компьютердик технологиялар факультетинин деканынын орун басары;

2007-2011-жылдары аталган окуу жайдын Математика жана маалыматтык технологиялар факультетинин окуу-тарбия иштери боюнча декандын орун басары, Программалоо кафедрасынын доценти;

2011-2016-жылдары Ош мамлекеттик университетинин маалыматтык департаментинин директору;

2016-2017-жылдары Ош мамлекеттик университетинин окуу иштери боюнча проректору;

2017-жылдын февраль айынан тартып билим берүү жана илим министринин орун басары кызматын аркалап келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Migrant-rf
2019-09-14 15:27:02
Ылдыйга кеткен тура!
+1
Jacob.
2019-09-14 15:33:50
Migrant-rf, Контейнердин залакаси тийбегенине шүгүр кылып ОшМУга ректор болуп иштеп турганы жакшы.
+3
tular
2019-09-14 16:11:08
Сокенин жердеши тура, контейнер эмес, андан жаманын кылсада эч нерсе болбойтго...
-7
nukura_jigit
2019-09-14 18:32:21
tular, Эч кандай жердеши эмес. Чоң-Алай районунан болот.
+2
Jaznura
2019-09-14 20:26:28
tular,көп тантыба. Президентке байланышы жок
+2
aiman1983
2019-09-15 17:34:42
Биринчиден Кудайберди Кожобеков күчтүү кадр. ОшМУнун ичиндеги болуп жаткан баардык ишти жоон териси менен татып, иштеп кеткен. Билим министрлигине аны жаш жиберип коюшту. Ректордук кызматка татыктуу жигит, жаш, креативдүү.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан