Президент мамлекеттик финансыларды башкаруу чөйрөсүндөгү азыркы абал боюнча маалымат менен таанышты

Президент Сооронбай Жээнбеков 13-сентябрда өлкөнүн финансы министри Бактыгүл Жээнбаеваны кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Президент республикалык бюджеттин чыгаша жана киреше бөлүгүнүн аткаруунун жүрүшү, салыктык кирешелердин түшүүсү, сот-укуктук реформаны, ипотекалык насыялоону, жергиликтүү бюджеттердин киреше потенциалын жогорулатуу, аймактарды өнүктүрүү боюнча маалымат алды.

2019-жылдын август айынын жыйынтыктары, бажы жана салык жыйымдарын чогултуу боюнча оң динамика байкалып жатканы, бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу камсыздалганы белгиленди. Бажы процедураларын автоматташтыруу жана салык процедураларын фискалдаштыруу боюнча иштер активдүү жүргүзүлүүдө.

Министр белгилегендей, райондук борборлордун жана шаарлардын жолдорун капиталдык оңдоп-түзөөнү убагында бүтүрүү, автоунаа жолдорун, көпүрөлөрдү куруу жана реконструкция боюнча чаралар көрүлүп жатат. Жол куруу иштерин жүргүзүүгө 790 миллион 4 миң сом каражат керектелди, бүгүнкү күндө республикалык бюджеттен 600 миллион сом акча каражаты бөлүндү.

Президент Сооронбай Жээнбеков экономикалык өнүгүүнүн сапаттуу өндүрүш инфраструктурасын түзүү үчүн таза суу менен камсыз кылуу, ирригацияны өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү боюнча мамлекеттик программаларды каржылоо өзгөчө мааниге ээ экенин дагы бир жолу белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан