2019-жылдын январь-август айларынын аралыгында кайтарылган бюджеттик насыялардын жалпы суммасы 3 миллиард 469 миллион 72 миң сомду түздү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Анын ичинен негизги карыз боюнча – 2 миллиард 371 миллион 39 миң сом, пайыздар жана айыптар боюнча 1 миллиард 98 миллион 32 миң сом кайтарылды. 2019-жылы бюджеттик насыялар боюнча чарбакер субъекттердин карыздарынын ичинен 3 миллиард 496 миллион 76 миң сомду кайтаруу божомолдонгон.