Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ирандын ички иштер министри Абдул-Реза Рахмани Фазлини кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Өкмөт башчы Кыргыз мамлекети Иран менен достук мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин белгиледи. Анын айтымында, учурда эки өлкөнүн ар кыл чөйрөдөгү кызматташтыгы өнүгүүдө.
Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз өлкөсү Иран менен коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу маселелери боюнча тажрыйба алмашуу багытындагы кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкдар экенин белгиледи.
Жолугушууда соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташуу маселелери талкууланды.
Премьер-министр сөзүн жыйынтыктап жатып, Кыргыз-Иран алакасын кеңейтүү менен эки элдин ортосундагы эки тараптуу кызматташтык тереңдей турган ишенимин билдирди.
Өз кезегинде Ирандын ички иштер министри Абдул-Реза Рахмани Фазли меймандостук үчүн ыраазычылык билдирди.