Кечээ, 14-сентябрда Бишкек шаарындагы эски аянтта ачык асман алдында "Tengri Music" фестивалы өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарага келген шаар тургундары Москва мамлекеттик симфониялык оркестринин жана Пётр Востоковдун джаз оркестринин аткаруусунда дүйнөлүк классикалык чыгармаларга күбө болушту. Фестивалдын максаты шаардыктарга маданий эс алуу тартуулоо болуп саналат.