Кегети капчыгайында калган чабандарга жардам көрсөтүлүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, калың жааган кардан улам Шамшы жайлоосунда 9 чабан мал жандыктары менен калган. Ошол жерге 13-сентябрда саат 20:00дө Кегети капчыгайы аркылуу Ысык-Ата райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам тобу жана Жайыт комитетинен 1 адам чыгып кетишкен. Чабандарга жылынуучу жай уюштуруу максатында 1 даана 10 орундуу чатыр тургузулуп, Ысык-Ата айыл аймагы тарабынан ысык тамак берүү уюштурулду.