ЖЫЛНААМА, 15-СЕНТЯБРЬ: Балерина Бүбүсара Бейшеналиеванын көзү тирүү болгондо 93 жашка чыкмак

Кыргыз-совет балет жылдызы, кыргыз хореографиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Бүбүсара Бейшеналиева кээ бир маалымат булактарында 17-майда туулган деп жазылат. Ал эми айрым маалымат булактарында анын туулган күнү 15-сентябрь деп жазылган. 17-май анын уулу Эрмек Бейшеналиевдин туулган күнү болгондуктан, бул датаны уулунун туулган күнүнө ылайыкташтырып жаздырып алган деген маалыматтар айтылып жүрөт.

СССРдин Эл артисти, легендарлуу балет бийчиси Бүбүсара Бейшеналиева Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Таш-Дөбө айылында 1926-жылы туулган. 1936-1941-жылдары Ленинграддагы хореографиялык окуу жайында окуган. 1941-жылдан баштап Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын солисти, 1946-жылы башкы солист, 1949-жылдан тартып Фрунзедеги хореографиялык окуу жайынын педагогу болуп иштеген.

Ал катышкан "Чолпон" балет фильми дүйнөнүн 60тан ашуун өлкөсүндө коюлган. Б.Бейшеналиева СССРдин Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, СССР Жогорку Советинин 6-7-шайланышынын, Кыргыз ССР Жогорку Советинин 4-5-шайланышынын депутаты болгон. Эмгек Кызыл Туу, Ардак белгиси ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Бүбүсара искусство чөйрө­сүнүн адамы болгон композитор Акмат Аманбаевге турмушка чык­­кан. Аны менен 1946-жылы Эрмек аттуу уулдуу болгон соң ажырашып кетет. Андан кийин тагдырдын тайкүлүк ташы чыгармачылыктан алыс адамдын жубайы болууга алып келет. Бирок бул адам менен да балеринанын жашоосу узакка созулган эмес. Ошентип бүт өмүрүн кыргыз искусствосуна арнап, кыргыздын таланттуу жаштарына жол көрсөт­көн балерина улуу небересин көрүп, асылган оорунун азабынан 1973-жылы 47 жашында дүйнөдөн кайткан.

15-сентябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aida007
2019-09-16 08:56:49
Чынгыз Айтматов Бубусараны суцгон дешетго ошондо озунон 2 жаш улуу болгон турбайбы эх суйуу кандай керемет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан