Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы сейил бакта 17 жаштагы кыз өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылган. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 4-сентябрь күнү Каракол шаарынын тургуну милицияга кайрылган. Анда ал 17 жаштагы Д.А. аттуу тууганы үйдөн чыккан боюнча кайрылып келген эместигин айткан. Ошондой эле кыз акыркы жолу Караколдогу улуттук жаратылыш сейил багынан сүрөткө түшүп, WhatsApp аркылуу туугандарына жөнөтүп койгон.
"Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, аталган жерге ыкчам тергөө тобу барган. Тергөө тобу кызды өз өмүрүнө кол салууга аракет кылып, бакка асынмакчы болгон жерден табышкан. Милиция кызматкерлери кыз менен сүйлөшүп көрүшкөндө, ал апасы Орусияда экенин айткан. Ошондой эле азыркы жашап жаткан туугандары кызды түшүнбөй жатканын, жигити бар экенин да айткан. Кыз туугандарынын "жигити зордуктап коюп, ушул кадамга барып жатышы мүмкүн" деген маалыматын четке каккан. Тийиштүү иштер аткарылган соң, кыз ошол күнү туугандарына өткөрүлүп берилген", - деп билдирет басма сөз кызматынан.