Ыктыярчылар Ысык-Көлдүн жээгинен 6 тонна таштанды чыгарышты

Кыргыз берметинин жээгин тазалап, ирээтке келтирүү үчүн Германия, Улуу Британиянын элчиликтеринин өкүлдөрү, Евро Биримдиктин Кыргыз өлкөсүндөгү өкүлүнүн кызматкерлери жана Бишкек менен Ысык-Көлдөгү 150дөй ыктыярчы катышты. Алардын максаты эс алуу сезонунан кийин Ысык-Көлдүн жээктерин ар кандай таштандылардан тазалап чыгуу болду.

Катышуучулар Бостери айылындагы жээкти тазалап, 6 тоннадай таштанды чыгарышты. Пластик жана айнек таштандылар Балыкчыдагы таштандыны кайра иштетүүчү заводго тапшырылды.

Акциянын уюштуруучулары адамдарды аң-сезимин өзгөртүп, экологияны сактоого чакырышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
bond02
2019-09-16 14:14:23
Жыланач баатырларды да ишке тарткыла.
+4
senchi
2019-09-16 14:22:01
Ыктыярчыларды өзбек менен тажиктердин чек арасына алып баргыла тезинен.
+2
senchi
2019-09-16 14:23:54
Эмне кереги бар тазалап жакында көз мончоктой Ыссык-Көлүбүз тажик менен өзбектердики болот.
+1
Kyrgyz_bloger
2019-09-16 15:47:25
senchi,алардан биринчи кытайлар карыз учун илип кетпесе эле да,болгону 4 жыл калды карыздын коп болугун тологонго.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан