Нарын облусунун Ат-Башы районунда үйүнүн алдында ойноп жатып, дайынсыз болгон 13 жаштагы Адилет Наказбеков табылды. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 12-сентябрь күнү ал Бишкек шаарына апасын издөө үчүн келип адашып кеткен.
"Көчөдө жүргөн жеринен чоочун балдар Свердлов РИИБинин өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнө алып барышкан. Бала кайра Ат-Башыдагы атасына баруудан баш тарткандыгына байланыштуу, Бишкек шаарындагы жашы жете элек балдардын "Айданек" муниципалдык борборуна өткөрүлүп берилген. Азыркы учурда ал аталган борбордо багылууда", - деп билдирет басма сөз кызматы.
3-сентябрь күнү Ат-Башы РИИБине 20 жаштагы А.С. аттуу жаран кайрылып, 29-август күнү Адилет Наказбеков аттуу иниси үйдүн алдында ойноп жатып, ошол бойдон ушул күнгө чейин дайынсыз болуп жатканын билдирген.