Капиталдык салымдардын титулдук тизмесинде камтылган объектилер азыркы учурда 75 пайызга каржыланган. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде 2019-жылдын бюджетиндеги "капиталдык салымдар" беренесинде каралган объектилердин курулушу жана каржыланышы жөнүндө маалымат угулуп жатканда белгилүү болду.
Депутат Зиядин Жамалдинов капиталдык салымдарга кирген объектилердин тизмесин эртелетип бекитүү зарылдыгын белгиледи. "Быйылкы тизме июнь айында бекитилди. Мыйзамга ылайык, тизме бюджет кабыл алгандан кийин бир айдын ичинде бекитилиши керек болчу, андай болгон жок. Канча убакыт бекерге кетип жатат? Мындай абал жылдан жылга кайталанып келет, токтотуш керек", - деди ал.
Депутат Төрөбай Зулпукаров Нарындагы контейнер мектептин чатагын өкмөт өкүлдөрүнүн эсине салып, өлкө аймагында канча контейнер мектеп иштеп жатканына кызыкты.
Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков Кара-Суу жана Нарын райондорунда бирден мектеп бар экенин, ал эми чатырларда окуткан мектептер жок экенин билдирди.
Зулпукаров Ноокат районуна караштуу Жаш айылындагы окуучулар чатырда окуп жатканын айтты.