Ош облусунун Кара-Суу районундагы Жаңы-Арык айылында 3 унаа сүзүшүп, 7 адам ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 11-сентябрь күнү саат 22:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 638-чакырымында болгон. Анда Жалал-Абад облусунун тургуну өзүнүн Мицубиси унаасы менен Өзгөнгө бара жатып, жүк ташуучу унааны ашып өтүүгө аракет кылган. Андан кийин карама-каршы тилкеге чыгып, Хонда СРВ унаасы менен сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен Мицубиси унаасынын айдоочусу жүргүнчүлөрү менен денелеринен ар кандай жаракат алып, Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына жеткирилген. Ал эми Хонда СРВ жана жүк ташыган унаанын айдоочулары жаракат алышкан эмес. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.