Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри менен Финансылык чалгындоо кызматынын ортосунда маалымат алмашуу боюнча кеңешме өттү

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин жана Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын ортосунда маалымат алмашуу боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, террористтик ишмердүүлүктү каржылоого, кирешелерди мыйзамдаштырууга, ошондой эле экстремисттик ишмердүүлүктү каржылоого жана массалык жок кылуу курал-жарактарын жайылтууга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын алкагында маалымат алмашуу зарыл.

Мындан тышкары, өз ара маалымат алмашуу "Санариптик Кыргыз өлкөсү 2019-2023" санариптик трансформациялоо концепциясын ишке ашыруу боюнча жол картасын аткарууга багытталган.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча вице-премьер-министр колдонуудагы мыйзамдарды эске алуу менен зарыл маалыматтарды Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматына берүүнү шарттаган Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин атайын модулун түзүү маселесин иштеп чыгууну тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан