Чүй облусунун жергиликтүү сотторуна дайындалган судьялар ант беришти. Бул тууралуу Жогорку Cоттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, президенттин 11-сентябрдагы жарлыгы менен судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн Чүй облусунун Жайыл райондук сотуна Чынара Саадабаева менен Гүлзат Усакпаева дайындалса, Москва райондук сотуна Кубатбек Дубанаев, Панфилов райондук сотуна Жылдыз Сайдылдаева дайындалды. Сокулук райондук сотуна Манасбек Кулмурзаев менен Нурмат Самаков дайындалса, ал эми Токмок шаардык сотуна Урматбек Абдырахманов, Чүй райондук сотуна Алтынай Шаршеева, ошондой эле Ысык-Ата райондук сотуна Нурбек Тажибаев жиберилди.
Жогорку Cоттун төрайымынын орун басары жаңы дайындалган судьяларды куттуктап, берген антка бек турууга чакырды.