Чүй облусунун Москва районуна караштуу Ак-Башат айылында окуучулар гаражда билим алып жатат. Бул тууралуу Facebook баракчасына журналист Тынчтык Алтымышев жазып чыкты.
"Ак-Башатта балдар гаражда билим алып жатыптыр... Депутат Бактыбек Райымкулов айтты" деп жазды колдонуучу.
Бул маалымат боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин Чүй облусу боюнча куратору Айнура Кусейнова төмөндөгүдөй комментарий берди.
"Бул мектеп 1989-жылы совхоздун гаражы болгон экен, аны ошол эле жылы мектеп кылышыптыр. Учурда ал имаратта 114 бала билим алууда . Азыркы учурда 225 орундуу жаңы мектеп салынууда, бүтөйүн деп калды. Декабрь айында ачылышы болот", - деди Кусейнова.