"Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи этабы боюнча жарыяланган тендерди кытайлык "Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd" компаниясы жеңди. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тендерде үч компания долбоорду ишке ашыруу үчүн төмөндөгүдөй суммаларды сунуш кылышкан.
1. "Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd" - 2 миллиард 654 миллион 558 миң 940 сом;
2. "Вега" - 4 миллиард 802 миллион 338 миң 446 сом;
3. "БИС" - 5 миллиард 67 миллион 794 миң 340 сом.
"Экинчи орунду Орусиялык "БИС" компаниясы алган. Ал эми "Вега" компаниясы карызы жок экендиги жөнүндө маалыматты Социалдык фондго тапшырбаганына байланыштуу четтетилген. Ал эми уткан компанияны УКМК, ИИМ, Транспорт жана жолдор министрлигинин, Бишкек мэриясы жана башка мамлекеттик мекемелердин кызматкерлеринен түзүлгөн тендердик комиссия жеңүүчү деп тапкан", - деп жазылат маалыматта.