Таластагы Улуттук көчмөндөр оюндарында милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштейт

Талас облусунун аймагында Улуттук көчмөндөр оюндарын өткөрүүдө милиция кызматкерлери коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздайт. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-21-сентябрда Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш жана жабылыш аземине коомдук тартипти жана коопсуздукту 800гө чукул милиция кызматкери камсыздайт.

Негизги иш-чаралар "Манас" комплексинде, Талас шаардык ат майданында, "Газпром" ден соолукту чыңдоо комплексинде жана спорт-интернатында өткөрүлөт. Катышуучулар жана уюштуруучулар жайгашкан бардык конок үйлөрү жана мейманканалар ички иштер органдары тарабынан кайтарууга алынат.

Улуттук көчмөндөр оюндарын өткөрүүдө коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоодо Ички иштер министрлиги бардык тартылган күч каражаттарын жумшайт жана коомдук тартиптин бузулушуна жол бербейт. Ички иштер министрлиги тарабынан баардык тиешелүү чаралар көрүлүп, өздүк курам күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп, коомдук тартипти сактоо толугу менен Ички иштер министрлигинин көзөмөлүндө турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
shirinai
2019-09-16 21:09:57
Келгилее ушулар границага. Кучотулгон тартипте иштегилееее. Жанымды чыгардынар го
+2
aida007
2019-09-16 21:20:25
Журо бергиле тойлоп!!!!! Уят бийликке оюнар Бут тойдо бети жоктор.жыйыштыргыла ушуга окшогон тойдорду кочмон болбой калгыла чек арада не болуп жатат ??? Ишиңер жок!!!!!
+2
Dembele84
2019-09-16 22:28:30
Жоногуло тез тойлобой,чек ара тынч эмес кантип бетти табактай кылып отурасынар?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан