Депутат эл акыйкатчы ким экенин билбей турганын айтты

Депутат Курманкул Зулушев эл акыйкатчы ким экенин билбей турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 17-сентябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.

"Мурунку акыйкатчылар сиздей тажрыйбалуу болбосо дагы коомчулукка жакын адамдар эле. Акыйкатчы ким десе тааныган. Бизге арыз менен келгендер акыйкатчыга бар десек макул болуп кетишчү. Азыр болсо акыйткачыга бар десек, акыйкатчы ким деп сурайт", - деп депутат акыйкатчы Токон Мамытовго кайрылды.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин жыйынында акыйкатчынын 2018-жылы аткарган иши боюнча отчёту каралды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aslonur
2019-09-17 14:13:14
Асмандан жерге тушунуз сизди деле биринчи жолу коруп жатабыз
+1
rysik79
2019-09-17 14:22:13
Акыйкатчыны жоготуш керек беларуссияга жээ боруссияга ощол жакта таанышат токомду
+1
Jaznura
2019-09-17 14:41:39
Бул депутаттарга тил бүтүптүр. Учурдан пайдаланып калгыла
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан