Интернетке жоолук оронгон окуучу кыздын жоолугун чечүү аракетин көрүп жаткан аялдын видеосу тарады. Анда жазылган билдирүүдө Алай районундагы мектептердин биринде мектеп директору окуучунун жоолугун чечүүгө мажбурлап жатканы жазылган.
Видеодон көргөндөй, окуучу кызга мугалим "жоолукту сабак бүткөндөн кийин салынасың" деп айтып, жоолугун чечүү аракетин көргөн. Бул учурда башка аял "Сенин акың жок анын жоолугун чечкенге" деп каршы чыккан. Окуучу өзү сабак бүткөнүн айткан. Анда анын жоолугун чечкенге мажбурлаган мугалим "эртең сабакка салынбай кел" деген сөз менен узатты.