Өлкө боюнча 190 мектеп оңдоп-түзөө иштерине муктаж. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин 16-сентябрдагы жыйынында айтылды. Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба агенттигинин маалыматы боюнча, бул билим берүү имараттарын жаңыдан куруу үчүн 13 миллиард сом керектелет.
Билим берүү министрлиги учурда имараты жараксыз абалга келгенине байланыштуу, эки мектептин окуучулары контейнерде окуп жатканын кабарлады. Алардын бири буга чейин талкууга түшкөн Нарын районунун Кеңеш айылында болсо, экинчиси Кара-Суу районунда.
Ушул жылдын сентябрь айында Нарын районунун Кеңеш айылында Казалы Абиров атындагы мектептин негизги корпусу жараксыз болгондуктан, окуучулардын бир бөлүгү контейнерлерде окуп жатканы коомчулуктун катуу сынына кабылган. Бул окуядан көп өтпөй билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева өзү берген арызынын негизинде кызматынан бошотулган.
Кыргыз өлкөсүндө авариялык абалда турган мектептердин маселеси көптөн бери көтөрүлүп келет. Буга чейин Жер-Үй кенин иштетүүгө лицензиядан түшкөн 100 миллион долларга мурдагы бийлик өлкөдөгү 100 мектепти жаңыдан салып, 100 мектепти капиталдык ремонттон өткөрүүнү убадалаган.