Кыргыз өлкөсүнөн 11 килограмм 600 грамм салмактагы рубинди чыгарып кетүү аракети катталды

Бишкектеги “Манас” аэропортунан өзгөчө контрабандалык жүктү кармашты. Анда Кыргыз жараны 11 килограмм 600 грамм салмактагы иштетилбеген рубин ташын өткөрүп кетүүгө аракет жасаган. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

"Контрабандист бул ташты өзүнүн жүктөрү менен алып бараткан. Рубин ташы иштетилбеген калыбында жарым миллион долларга бааланса, тазалангандан кийин андан да жогору болмок", - деп айтылат маалыматта.

Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Kuba-savai87
2019-09-17 17:42:32
Каяктан алыптыр? Тактап жазгылачы кызыктуурак кылып
+4
Aimani
2019-09-17 20:45:49
Бизден чыккан рубин бекен?
+4
Chungyz
2019-09-17 23:10:45
Чонтоктон наша тапса сеники алтын тапса окмотуку
+4
Take_men
2019-09-18 09:40:57
Бизде асыл таштардын кени Баткен тарапта көп деп угам. Тоолуу өлкө болгондуктан көп эле асыл таштар болсо керек. СССР убагында баарын изилдешкен. Бирок архив Россияда жатат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан