Финансы министри: "2018-жылдын жыйынтыгында өлкөнүн ички дүӊ өнүмүнүн өсүшү 3,5 пайызды түздү"

2018-жылдын жыйынтыгында өлкөнүн ички дүӊ өнүмүнүн өсүшү 3,5 пайызды түздү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитет жыйынында финансы министри Бактыгүл Жээнбаева билдирди.

Анын айтымында, пландагы салыктык көрсөткүчкө салыштырмалуу 2 миллиард 5 миллион сом, бажыдан 1 миллиард 8 миллион сом бюджетке аз түшүп калды. Быйыл дагы жыл аягына чейин 3-4 миллиард сомдун тегерегиндеги каражат бюджетке аз түшүүсү күтүлүп жатат.

"Мисалы, өткөн жылы бажы алымы 14 пайызга, ал эми салыктык киреше 7 пайызга өскөн. Быйыл дагы салык көлөмү 10 пайызга чейин өсөт деп турабыз. Бул ички дүң өнүмдүн өсүшүнө караганда кыйла жогору", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан