Депутат чет өлкөлөрдө Акыйкатчы институтунун өкүлчүлүктөрүн ачуу керектигин айтты

Депутат Нурбек Тотонов эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо чараларын күчөтүү, чет өлкөлөрдүн түрмөлөрүндө жаткан Кыргыз жарандарына юридикалык жардам берүү зарылдыгына токтолду. Бул тууралуу ал бүгүн, 18-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Акыйкатчы институту чет өлкөлөрдө, өзгөчө Кыргыз жарандары көп жүргөн Орусияда өзүнүн өкүлчүлүгүн ачуу зарыл. Албетте, каржылык жактан кыйынчылыктар бар. Бирок бекер иштеп берейин деген жарандарыбыз жок эмес. Азырынча ошондой мигранттарды ишке тартыш керек", - деди депутат.

Акыйкатчы Токон Мамытов ушу тапта Орусиянын аймагында 710 миӊ Кыргыз жараны иштеп жана жашап жатканын айтты. Ал Орусияга буга чейин 3-4 жолу барып, тийиштүү органдардын жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келгенин эске салды. Чет өлкөлөрдө өкүлчүлүктөрдү ачуу ниети бар экенин, кошумча штаттарды кармоо үчүн каражат республикалык бюджет аркылуу чечиле турганын белгиледи. Маалыматка ылайык, азыркы учурда Орусияда 1293, Казакстанда 241, Өзбекстанда 64 Кыргыз жараны жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Bektur2011
2019-09-18 15:32:23
Ушул мекемени жоюп эле ага кеткен акчаны мектеп эле салыш керек. Булар айкырып кыйкыргандан башка эч нерсе кылбайт. Чет элдик донорлордон килтейтип акча алышат.
+2
Migrant-rf
2019-09-18 15:50:17
Дөөрүбөгүлөчү, бул акыйкатчынын аты эле болбосо эч пайдасы жок, эч ким буларга ишенбейт, муну тескерисинче жаап эле салыш керек!
+1
elchi84
2019-09-18 16:01:48
Бул акыйкат институтун жаап эле салгыла анан бул акыйкатчы киши убагында чек арада иштеген.Башка ишти кыйратпаган кишини дагы Жогорку месталарга кое бергенине тан каламда.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан