Акыйкатчы: "Жашы жете элек балдарга карата жасалган кылмыштардын санынын өсүш тенденциясы сакталууда"

2016-жылдан тартып жашы жете элек балдарга карата жасалган кылмыштардын санынын өсүш тенденциясы сакталууда. Бул тууралуу бүгүн, 18-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында акыйкатчы Токон Мамытов билдирди.

Анын айтымында, 2018-жылы балдарга карата жасалган кылмыштардын саны 1368ди түзөт.

"Жашы жете элек балдарды өздөрү тарабынан жасалган кылмыш иштеринин өсүшү туруктуу бойдон калууда. Кыргыз мамлекетинде кылмыштардын саны тынымсыз өсүп жатат. Эки жыл аралыгында 28,4 пайызга жогорулаган. Жашы жете электерге карата мамилелер боюнча үй-бүлөдөгү зомбулуктар менен натыйжалуу күрөшүүнүн ордуна, аны алдын алуунун тийиштүү чараларын көрүү, анын ичинде жетишпеген үй-бүлөлөрдү аныктоо жана үй-бүлө менен балага жардам көрсөтүү керек", - дейт Токон Мамытов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Migrant-rf
2019-09-18 16:54:07
Ызылдап, чырылдап, ыйлактасада, жана жаман болсода бул Акыйкатчылыкка Турсунбай Акун өзү жакшы экен эле, тынбай бийликтин кемчилдигин айтып чыгып турчу. Мына Токон Мамытовдун бар же жок экени билинбейт азыр, оозуна талкан салып алгансып. Турсунбек Акундун орду эми билингендей мага))).
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан