Жогорку Кеңештин төрагасы акыйкатчыга Кыргыз мамлекетинде сөз эркиндиги бар экенин байма-бай айтып туруусун өтүндү

Бүгүн, 18-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Дастанбек Жумабеков акыйкатчы Токон Мамытовдон "Кыргыз мамлекетинде сөз эркиндиги барбы" деп сурады.

Акыйкатчы Токон Мамытов өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин айтты. Анда төрага акыйкатчыдан сөз эркиндиги бар экенин байма-бай айтып турууну өтүндү.

Учурда парламентте жарандардын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө акыйкатчынын отчёту каралып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан