Дзюдо боюнча Дүйнө чемпиондугунун биринчи беттешинде кыргызстандык спортчулар утулуп калышты

АКШнын Маями шаарында өтүп жаткан дзюдо боюнча Дүйнө чемпиондугуна Кыргызстандан 9 спортчу катышып жатат. 50 килограммдык салмакта Орозбек Сапарбеков биринчи беттеште Түштүк Африка Республикасынан келген Жейди Стемметти жеңип, бирок казакстандык Канат Сейилхандан утулуп калды. 55 килограммдык салмакта Рыскул уулу Эртабылсын япониялык Таики Маягавага уттуруп жиберди. Ал эми Алибек Чороев (55 кг) монголиялык Тушигтуром Зембеден жеңилди. Мындан аркы мелдеште кыргызстандык спортчулардын каршылаштарынын тизмеси төмөнкүлөр:

9-августта

60 килограммга чейинки салмакта

Жакшылык Туманбаев - Юрий Мокану (Молдова)

66 килограммга чейинки салмакта

Минур Салимжанов - Хуан Телло (Колумбия)

10-августта

73 килограммга чейинки салмакта

Эрмек Сариев - Анри Агутипзе (Португалия)

81 килограммга чейинки салмакта

Эламан Абдыкеримов - Аксель Карденалез (Пуэрто-Рико)

11-августта

90 килограммга чейинки салмакта

Азамат Бектурсунов - Йоштаки Ширакава (Япония)

90  килограммдан жогорку салмакта 

Ростислав Дашков - Эдмонд Берберян (Армения)    

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aviator
2013-08-09 17:46:56
Аракет кылгыла жигиттер.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан