Жалал-Абад шаарында Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаа 2 адамды сүзүп кетти. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиршти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 17-сентябрь күнү саат 16:00 чамасында борбордук көчөдө катталган. Анда Өзгөн районунун 23 жаштагы тургуну өзүнүн унаасы менен жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн 2 адамды сүзүп алган. Жабырлануучулардын бири 20, бири 4 жашта болгон.
"Алар облустук ооруканага жеткирилип, биринчи медициналык жардам алган соң ооруканадан чыгарылган", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.