Былтыр мигранттардын балдарына карата 425 кылмыш жасалганы айтылды

Былтыр мигранттардын балдарына карата 425 кылмыш жасалса, алардын балдары тарабынан жасалган 644 кылмыш иши катталган. Бул тууралуу кечээ, 18-сентябрда Жогорку Кеӊеште акыйкатчы Токон Мамытов билдирди.

Маалыматка ылайык, 2018-жылы Акыйкатчы институтунун аппарат кызматкерлери 15 жолу жалпыга маалымдоо каражаттары маалымдаган кылмыш фактылары боюнча жерине барып, алардын чоо-жайын ыйгарым укуктуу органдар тарабынан тактаган. Ал эми акыйкатчынын борбордук аппараты менен анын аймактык бөлүмдөрүнө балдарга карата жасалган кылмыш фактылары боюнча 11 арыз келип түшкөн. Алар боюнча тийиштүү чаралар көрүлгөн.

"Ушу тапта Кыргыз мамлекетинин аймагынан тышкары 719 миӊ жаран жүрөт. Өлкө аймагында эмгек мигранттарынын 87 миӊ 454 бала бар. Биз алар менен чет өлкөлөрдүн аймагында да иш жүргүзүп жатабыз", - деди акыйкатчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан