Жарандардын элдик курултайларды өткөрүү укугу жөнүндө Конституциянын жобосун ишке ашыруу боюнча жумушчу топтун кезектеги жыйыны өттү

Жарандардын элдик курултайларды өткөрүү укугу жөнүндө Конституциянын жобосун ишке ашыруу боюнча жумушчу топтун кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйындын жүрүшүндө Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев жумушчу топтун катышуучуларына өзү демилгелеген "Курултайлар жөнүндө" мыйзам долбоорун сунуштады.

Конституциянын 52-беренесине ылайык, жарандар республикалык жана жергиликтүү маанидеги мыйзамдарды жана чечимдерди талкуулоого жана кабыл алууга катышууга укуктуу. Жарандар мамлекеттик жана коомдук мааниге ээ болгон маселелер боюнча элдик курултайларды өткөрүүгө укуктуу.

Мындан улам элдик курултайлар кыргыздардын тарыхый салты болуп саналарын белгилеп коюу зарыл.

Азыркы учурда өлкөдөгү элдик курултайларды түзүүнүн тартибин жана ишмердүүлүгүн жөнгө салган мыйзамдык акты жок.

Буга байланыштуу элдик курултайларды түзүүнүн жол-жобосун жана мекеменин ишмердүүлүгүн, ыйгарым укуктарын мыйзам менен аныктоо — Конституциянын 52-беренесинин 2-бөлүгүндө кароо сунушталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан