Чүй ОИИББи: "Камчы Көлбаев күбө катары суракка чакырылды. Арыздануучу Көлбаев коркутуп жатат деген"

Жайыл районундагы заводдун иши боюнча Камчы Көлбаев күбө катары сурак берип жатат. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкармалыгы билдирди. Ушул жылдын июнь айында Башкы прокуратурага И.З. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арыздануучу 2007-жылы Жайыл районундагы заводдордун бирине уставдык капиталы 45 пайызды түзгөн кожоюндардын бири болгон.

2018-жылы аталган заводдун башка негиздөөчүлөрү анын макулдугусуз Бишкек шаарындагы банктардын биринен насыя алган. Аталган факт “Алдамчылык” беренеси менен Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде катталды.

Тергөөнүн жүрүшүндө арыздануучу бизнестеги өнөктөшүнүн бири коркутууларды көрсөтүп жатканын айткан. Көрсөтмөдө ал 1974-жылы туулган А.К.нын атын (Камчыбек Асанбек — Камчы Көлбаев) атаган. Ошого байланыштуу Көлбаев күбө катары чакырылган.

"Сотко чейинки иш-чаранын негизинде арыздануучу Камчы Көлбаев жана башка негиздөөчүлөр менен беттешти. Бирок аталгандар арыздануучуга карата опузалоо болгонун моюндарына алышкан жок", - деп жазылат маалыматта.

Анда белгиленгендей, учурда тергөө уланып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
isarti
2019-09-19 12:20:22
К.Көлбаевди тимеле белгилүү кривавторитет, мыйзамдагы ууру деп жазышат. Эгер ошондой болсо, анда ал аралашкан жерде сөзсүз коркутуу, карактоо, тоноо болот да. Ал аны эч качан мойнуна албайт. Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат деп кыргыз алдагачан эле айтып койгон.Беттештиребиз деп просто өлгөндүн үстүнө көмгөндү эле кылып жатыптыр.
+3
ooki8888
2019-09-22 22:22:46
Ошондо карышкыр, койго каршы кубоо болот экен да!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан