Маданият тармагында 63 жыл иштеген Жамал Сейдакматова II даражадагы "Манас" ордени менен сыйланды

Бүгүн, 19-сентябрда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында мамлекеттик сыйлыктарды жана ардактуу наамдарды тапшыруу аземи болуп өттү. Мамлекеттик сыйлыкка татыгандардын ичинде Кыргыз эл артисти, актриса Жамал Сейдакматова да болду. Ага 2-даражадагы "Манас" ордени тапшырылды.

Ал Кыргыз өлкөсүндө албаган сыйлыгы калбаганын белгилеп, кубанычтуу сезимдери менен бөлүштү.

"Абдан кубанычтуу сезимдер болуп жатат. Ар бир адам сыйлык алганда кубанат да, мен үчүн бул 63 жыл иштеген эмгегимдин жыйынтыгы болду деп ойлойм. Себеби, мен 21-сентябрда 80 жашка чыгам. Биринчи тартылган тасмам 1957-жылы жарык көргөн. Ал "Алыскы тоолор" деп аталат. Негизи эле иштеген ишиңдин үзүрүн көрүү өзүнчө бир кубаныч", - дейт Жамал Сейдакматова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
elb_2121
2019-09-19 13:33:08
Бизда 80 ге чыгалы омурунуз узун болсун
+1
Bektur2011
2019-09-19 15:08:48
Таттыбүбү эжемдин көзү тирүү болгондо ушул сыйлыкты алмак. Көрө албаган адамдардын айынан эрте кетти.
-1
Avrora2017
2019-09-20 12:24:53
Эмгеги тоодой бул эженин заслуживает
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан