Кыргыз футболунун жаңы тарыхында өзүнүн атын жазып койгон Кыргыз курамасынын машыктыруучусу, орусиялык футболчу Александр Крестинин бүгүн, 19-сентябрда 41 жашка чыкты.
Машыктыруучу 1978-жылы Краснодар шаарында төрөлгөн. Футбол менен 7 жашынан тарта машыга баштап, дароо эле машыктыруучулардын көзүнө илине алган. 1995-1996-жылдары краснодарлык "Колосто" ойноп, кийин "Ростсельмашадда", 1998-жылдан баштап "Нефтяник Кубани" командасында Тчуйсе жана Коанье менен бирге ойногон. 1999-жылы "Кубань" клубунун курамында 23 беттеш өткөрүп, атаандашынын дарбазасына 2 жолу гол киргизген. 2000-жылы "Краснознаменск" клубунун намысын 36 оюнда коргоп, 3 жолу Орусиянын Кубогуна ат салышкан. 2001-жылы оренбургдук "Газовиктин" курамын толуктап, 20 оюнда 1 гол киргизген. 2002-жылы казакстандык "Каспий" командасына кошулуп, 2003-жылы Орусиянын Тамбов шаардык "Спартак" командасына кирип, 18 беттеш өткөргөндөн кийин "Реутов" футболдук клубуна өткөн. 2004-жылы "Дон" клубунун катарын толуктап, 9 беттеш өткөргөндөн кийин казакстандык "Яссы-Сайрамга" кошулуп, Казакстандын Жогорку Лигасында 8 оюнга катышкан. 2005-жылы орусиялык "Нара-Десна" клубунда ойноп, 7 оюндан кийин Шёлково шаарынын "Спартак" командасына өтүп, 2006-жылга чейин 39 беттеш өткөргөн. 2007-жылы орусиялык "Сменанын" намысын 26 беттеште коргоп, атаандашынын дарбазасына 1 жолу гол киргизген. Орусиянын Кубогу үчүн 4 жолу ойногон. 2008-жылы Красноярсктын "Металлург" командасы үчүн 26 оюнга катышкан. Футбол боюнча Орусиянын өспүрүмдөр курамасынын тизмесинде да оюн көрсөткөн.
Ал 2010-жылы Кыргыз жергесине келип, кочкор-аталык "Нефтчи" командасынын башкы машыктыруучусу болуп дайындалып, команда биринчи ирет Өлкө чемпиондугунда жеңишти камсыздаган.
Александр Крестинин Кыргыз улуттук курама командасын 2014-жылдан бери машыктырып келет. 2016-жылы Кыргыз футболун алга сүрөгөн Александр Крестининдин улуттук кураманын башына келгенине 2 жыл болгондо Кыргыз курамасы ФИФАнын рейтингинде рекорд жаратып, 200дөн ашык мамлекеттин арасынан 99-орунга илинген. Бул көрсөткүч менен Латвия, Эстония, Армения, Финляндия жана башка командаларды артка калтырган. Рейтингде ордун бекемдөөгө "Ак шумкардын" Иордания, Тажикстан, Казакстан сыяктуу командаларды жеңип алганы себеп болгон.
2018-жылы футбол боюнча Кыргыз курама командасы ФИФАнын жаңыланган рейтингинде Кыргыз тарыхындагы эң жогорку көрсөткүчкө жетип, 75-орунду ээлеген. Мындай көрсөткүч менен Кыргыз курамасы 40 тепкичке өйдө көтөрүлүп, апрель айынын эң мыкты командасы аталган. 2018-жылы Азия өлкөлөрүнүн арасында Кыргыз курамасы 7-орунду ээлеп, Бириккен Араб Эмираттары, Сирия жана Ливан курама командаларынан ашып өткөн.
Футбол Федерациясы 2019-жылы Крестинин менен келишимди узарткан. Жаңы келишим "4+1" (жыл) системи менен түзүлгөн. Ага ылайык, Александр Крестинин Кыргыз улуттук курама командасын 2022-жылы өтө турган Дүйнө чемпиондугунун тандап алуу этабына жана 2023-жылы өтө турган Азия Кубогуна даярдайт.
Александр Крестинин үй-бүлөлүү. 2 уул, 1 кыздын атасы.
19-сентябрга болгон жылнаама.