Бишкек шаарында коомдук транспортто электрондук карталарды сатуу ноябрь айынан башталат. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы кабарлап, 15-октябрга чейин текшерүү этабы өтөрүн билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда №8 автобус жана №14 троллейбустун каттамына картадагы каражатты эсептеп чыгаруу иштери жүрүүдө. Карталар үч түрдө: акысыз, жеңилдетилген жана стандарттык болуп чыгарылат. Акысыз карталар пенсионерлер менен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жана почточуларга берилет. Алардын саны шаарда 83 миңге жетет. Мектеп окуучуларына жана жеңилдетүү боюнча алгандарга картаны берүү 20-октябрга чейин жүргүзүлөт.
"Учурда билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери мугалимдер, ата-энелер менен биргеликте балдардын маалыматын топтоп жатат. Андан кийин каалоочуларга транспорт үчүн электрондук карталар берилет. Эгерде окуучу коомдук транспортто жүрбөсө, ал карта алууга мажбурланбайт.
Электрондук картанын баасы окуучулар үчүн бир айга 175 сом, жарандар үчүн 495 сомду түзөт. Муну менен катар эле жарандын коомдук унаада жүрүшүнө чектөө салынбайт. Электрондук картанын өзүнүн баасы 50 сом. Кимдир бирөө билетин айрып же булгап алса кайра жаңылоо мүмкүнчүлүгү бар. Картанын эсебин толтуруу Pay24 терминалы аркылуу жүргүзүлөт", - деп жазылат маалыматта.
Мындай долбоор Швейцария компаниясы менен биргеликте жүргүзүлүп жатат. Компания керектүү болгон бардык жабдыктар менен камсыздайт.