Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Кара-Балта шаарында айнек заводдон өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрт тууралуу маалымат ӨКМга бүгүн, 19-сентябрда саат 10:18де келип түшкөн.
"Өрт №29-айнек заводдун чатырынан чыккан. Саат 11:00дө чектөөгө алынды. Учурда өрттү толук өчүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө жана кошумча "Жунда" мунай иштетүүчү ишканасынан 4 өрт өчүрүү бөлүмдөрү өрттү өчүрүүгө көмөк көрсөтүүдө. ӨКМдан 2 бөлүм тартылган. Кошумча маалымат берилет", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.