Бажы кызматы мыйзамсыз ташылып келе жаткан 120 даана кол телефонду кармады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык,16-сентябрь күнү Ош шаарында Т.Н. аттуу жарандын унаасы токтотулуп, текшерүүгө алынган. Анын башкаруусундагы Lexus GX460 үлгүсүндөгү унаанын салону текшерилгенде, 120 даана уюлдук телефон болгон. Товар Кыргыз өлкөсүнө чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан. Салондон 10 даана Samsung Galaxy A20 жана 110 даана Samsung Galaxy A30 үлгүсүндөгү чөнтөк телефондор табылган.
"Айдоочуну токтоткон учурда ЕАЭБдин аймагына ташылып келе жаткан товар мыйзамдуу экенин тастыктаган бажыга тийиштүү бир дагы документ көрсөтө алган эмес. Кармалган товардын жалпы наркы 2 миллион 885 миң сомду түзөт. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди", - деп жазылат маалыматта.