Волейбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын капитаны Оңолбек Каныбек уулу президенттен Ардак грамота алды

Бүгүн, 19-сентябрда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өткөн мамлекеттик сыйлыктарды жана ардактуу наамдарды тапшыруу аземинде волейбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын капитаны Оңолбек Каныбек уулу Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланды. Сыйлык алып кубанып турган спортчу сыйлангандардын эң кичүүсү мен болдум окшойт дейт.

"Аябай толкунданат экенсиң, мен сыйланып жаткандардын ичинен эң кичүүсү болдум окшойт. Жалаң улуу муундагылар сыйланып жатса, мен татыктуу болбой туруп эле алып калдымбы деген да ойлор болот экен. Бул грамота бүтүндөй командага берилген сыйлык деп билем, анткени бизде волейбол командалык оюн, ошондуктан бардык команда мүчөлөрүнө берилди деп кабыл алып жатам", - дейт Оңолбек Каныбек уулу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Bekish-
2019-09-19 15:20:54
Кут болсун
+1
Azizbek_Musabekovich
2019-09-19 15:45:48
команданын ар бир мучосун сыйлаш керек эле да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан