Кыргыз эл артисти Самара Токтакунова II даражадагы "Манас" ордени менен сыйланды

Бүгүн, 19-сентябрда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында мамлекеттик сыйлыктарды жана ардактуу наамдарды тапшыруу аземи болуп өттү. Сыйлыкка татыган маданият өкүлдөрүнүн арасынан 2-даражадагы "Манас" ордени менен Кыргыз эл артисти, комузчу Самара Токтакунова да сыйланды.

Сыйлыктар Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата, 167 адамга мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруу жөнүндө президенттин жарлыгынын алкагында берилди.

Самара Токтакунова СССРдин Эл артисти деген да наамга татыган. Ал 75 жашта. Өмүрүнүн жарымынан көбүн маданият тармагына арнап келе жаткан комузчу Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Makul
2019-09-19 19:01:30
Атамбаевге да ак шумкар орденин берем деп убада кылды эле ак батасын алып ПРЕЗИДЕНТ болуп жатканда. Наам бермек тургай түрмөгө тыгып койду. Кудай мунун жазасын берээр күн да бар!!! Көрөсүңөр Соке абдан жаман президент болуп тарыхта калат. Жана тактан да абдан жаман акыбалда кетет. Муну тарых көрсөтүп койгон.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан