Жазуучу Кубатбек Жусубалиевге “Кыргыз Эл жазуучусу” наамы ыйгарылды

Бүгүн, 19-сентябрда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өткөн мамлекеттик сыйлыктарды жана ардактуу наамдарды тапшыруу аземинде жазуучу Кубатбек Жусубалиевге улуттук адабиятка кошкон салымы үчүн “Кыргыз Эл Жазуучусу” деген наамы ыйгарылды.

Кубатбек Жусубалиев 1941-жылы 30-октябрда Алай районундагы Кердегей айылында туулган. 1963-жылы КМУнун филология факультетинин журналистика бөлүмүн бүтүрүп, 1965-1967-жылдарында Москвадагы Жогорку сценарийдик курстун угуучусу болгон.

Эмгек жолун 1957-жылы колхоздо иштөө менен баштаган. 1953-жылдан баштап Чоң-Алай айылындагы «Кыргызстан» сегиз жылдык мектебинде мугалим болгон. 1964-жылдан баштап облустук «Ленин жолу» гезитинин адабий кызматкери, 1965-1985-жылдарында «Кыргызтелефильм» студиясында редактор болуп иштеген.

Чыгармачылык ишмердүүлүгү 1963-жылдан башталып, биринчи аңгемелер жыйнагы «Күн автопортретин тартып бүтө элек» деген ат менен 1967-жылы басылып чыккан. Бир катар толук метраждуу көркөм жана даректүү фильмдердин сценарийлерин жазган. 1975-жылы СССР Кинематографисттер союзунун, 1981-жылы СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Жарык көргөн китептери:

"Күн автопортретин тартып бүтө элек": Повесть, аңгемелер.

"Толубай сынчы": Аңгемелер.

"Муздак дубалдар": Романдар жана повесть.

"Жети сөз жана Конфуций": Көркөм чыгармалар.

Кубатбек Жусубалиев эл жазуучусу болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан