Чүйдө жолдон өтүп бара жаткан 72 жаштагы адамды өлтүрө сүзүп кеткен айдоочу табылды. Бул тууралуу шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, качып кеткен айдоочу "Коопсуз шаар" долбоорунун камерасы жана окуяга күбө болгон адамдардын жардамы аркылуу кармалган.
"Бүгүн, 19-сентябрда Чүй облустук жол кыймылынын кызматкерлери айдоочуну кармаган. Ал 54 жаштагы А.К. аттуу жаран болгон. Ал эми анын маркумду сүзгөн унаасы Мерседец-Бенц 213 үлгүсүндөгү унаа болгон. Учурда унаа айып короосуна токтотулуп, айдоочу Аламүдүн РИИБине жеткирилди. Учурда териштирүү иштери улантылууда", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Буга чейин 15-сентябрь күнү саат 22:00 чамасында Аламүдүн районундагы Маевка айылындагы Жаш-Гвардия бульвары көчөсүндө жол кырсыгы катталган. Анда белгисиз айдоочу 72 жаштагы адамды сүзүп алып, ал окуя болгон жерден каза болгон.