Нарын облусундагы Ат-Башы районунун Ак-Жар айылынын тургуну 77 жаштагы Бурул Шергазиеванын дайынсыз болуп жатканы маалымдалган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кечээ, 19-сентябрда саат 19:00гө чейин издөө жүргүзүлгөнүн, бирок табылбай жатканын маалымдады.
Белгилүү болгондой, ал 31-август күнү саат 10:30 чамасында Ак-Жар айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келе элек. ӨКМга дайынсыз болуп жаткандыгы боюнча маалымат 17-сентябрда келип түшкөн.
"19-сентябрь күнү издөө иш-чаралары улантылып, Ат-Башы райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 5 куткаруучу, ИИМден 5 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 5 адам, жалпы 15 адам тартылды. Саат 19:00дө издөө иштери убактылуу токтотулду. Натыйжа болгон жок. Издөө иш-чаралары бүгүн, 20-сентябрь күнү улантылат", - деп жазылат ӨКМнын маалыматында.