Кыргыздын "Айтыш" фонду жыл сайын эл аралык айтыш өткөрүп, ага боордош казак акындарын чакырып, дайыма кош байге сайып келгени баарыбызга маалым. Бирок айтыш өнөрү эл оозуна алынып, күйөрмандар көбөйгөнү кыргыздын төкмөлөрү казакка барып баш байге алыптыр деген кабарды кулагыбыз чала элек.
Жакында эле Казакстандын Караганда шаарында жазуучу Сакен Сейфуллиндин 125 жылдыгына карата уюштурулган эл аралык айтыш сынагы өттү. Ага Кыргыз өлкөсүнөн "Автомат акын" атыккан Жеңишбек Жумакадыр гана катышып келди.
Казактын сууруп салма акындарынын жоон тобу менен айтышкан Жеңишбек Жумакадыр финалга чейин жеткен, бирок эч кандай байгелүү орун алган эмес. Айтыштын жыйынтыгында баш байгени 2 казак акыны, 1-орунга 2 казак акыны, 2-орунга 3 казак акыны, ал эми 3-орунга 5 казак акыны татыктуу деп табылган.
Мындан улам, жыл сайын жүз миңдеген акчалай сыйлык коюп, казактарды сыйлап, кош байге койгон туурабы деген ой келбей койбойт. Канчалаган айтыштарда боордоштордун этек-жеңин чымчылап силер да кош байге койгула, кыргыздын татыктуу акындарына байгелүү орундарды бергиле деген сөздөр казак акындарынын эсинен чек арадан өткөн соң эле чыгып кеткендей.