Ысык-Көл облусундагы Сары-Камыш жана Кызыл-Өрүк айылдарынын ортосунда 5 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча BMW-Х5 унаасынын айдоочусу ооруканадан чыгып, Каракол шаарындагы СИЗОго киргизилди. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 41 жаштагы айдоочу аял 16-сентябрь күнү СИЗОго киргизилген.
"Дарыгерлер атайын корутунду чыгарган. Анда айдоочунун ден соолугу калыбына келип калганы айтылган. Мындан улам ал СИЗОго киргизилди. Учурда бул факты боюнча тергөө иштери уланууда", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Окуянын чоо-жайы:
30-августта саат 17:35 чамасында Сары-Камыш жана Кызыл-Өрүк айылдарынын ортосунда BMW-Х5 унаасы менен BMW-523 үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен BMW-523 унаасында келе жаткан айдоочу менен төрт жүргүнчүсү окуя болгон жерден мерт кетишкен. Алардын арасында 1 жаштагы наристе да бар болгон.