"Жаңы төрөгөн келиндер чаң залда, полдо жатышат". Интернет колдонуучу Чүй облустук төрөт үйүнөн сүрөттөрдү жарыялады. Министрлик эмне дейт?

Интернеттин Анара Акматбекова аттуу колдонуучусу баракчасына Чүй облустук төрөт үйүнөн сүрөт жарыялап, андагы абалга нааразы экенин жазды.

"Мен көргөн көзүмө ишенгим келген жок. Жаңы төрөгөн келиндер полдо жатат, бүт чаң. Бишкектеги №4 төрөт үйү оңдоп-түзөө үчүн жабылганын, бул иштер көпкө созулуп жатканын айтышууда. Мындан улам, батпаса да төрөй турган келиндерди Чүй облустук төрөт үйүнө жөнөтүп жатышат. Мындайды көз көрбөсүн, сөз менен айтуу кыйын", - деп жазган ал өзүнүн билдирүүсүндө.

SUPER.KG порталы бул боюнча өлкөнүн башкы гинекологу Раиса Асылбашеванын жообун укту.

"Ооба, биз жаңы төрөгөн энелерден мындай абал үчүн кечирим сурайбыз. Бирок бул бардык төрөгөн аялдар төрөт үйүнө кабыл алынгандан, чыкканча полдо жатат дегенди билдирбейт. Кээде керебеттер бошогонго чейин 2-3 саат ошол жерде жатып калышы мүмкүн. Чаң дегени туура эмес, биз кантип жаңы төрөгөн келиндерди чаң жерге жаткырабыз? Ал жерлерди тазалап, жууп турушат", - деди Асылбашева.

Ошондой эле ал шаардагы №4 төрөт үйү 28-сентябрда оңдоо иштери аяктап, кайрадан аялдарды кабыл ала баштай турганын айтты.

"№4 төрөт үйү шаардагы эң чоң мекеме болгондуктан, кош бойлуу аялдардын 80 пайызы ошол жерден көз жарчу. Бирок жыл сайын оңдоп-түзөө иштеринен өткөрбөсөк болбойт. Энелерге шарт түзүү үчүн суу дайыма чыгып турушу керек, жарык өчпөш керек, ашканасы таза болуп, операция жасалган жер талапка жооп бериши керек. Алдыда кыш келе жатат, жылуулук системин кароо зарыл. Ушул иштерди жүргүзүү үчүн биз аны 16-августта жаптык. Бирок 1 жума убакыт анда жаткан аялдарды биротоло дарылап, чыгарууга, айрымдарды башка төрөт үйлөргө которууга кетти. Азыр кош бойлуу аялдар нөөмөткө жараша шаардагы башка төрөт үйлөрүнө жөнөтүлүүдө. Аз убакыт калды, оңдоо иштери бүтсө эле мындай көйгөйлөр токтойт", - деди башкы гинеколог.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
katerina.li
2019-09-20 12:56:10
Эчнерсе болбойт. Илгери чонапалар бозуйдон эле тороп алышчу,ичине отту чон жагып алышып эле. Шартка байланыштуу болуп атат да. Бул жерде медиктер эмес чондор куноолу,бир торот уйун салып коюшса болот эле да отуз жылдан беери. Элдин саны кобойгондон кобойуп келе жатат.
-8
Azatbek.Svoboda.
2019-09-20 17:57:09
katerina.li,Окмот эмне кылды эмес мен окмотко эмне кылдым десен!Сен айткан чон апалар этти коп жешкен.А биз болсо химикат коп жейбиз.Айырма коп тууган.
+5
katerina.li
2019-09-20 18:15:28
Azatbek.Svoboda.,мен как раз эл учун иштеп жургон адаммын. Мен дагы окмотко эмне кылышым керек экен. Сен эмне кылдын эл учун,ошону айтчы биринчи
-8
amin1986
2019-09-21 10:23:57
katerina.li,кандайча эч нерсе болбойт, илгери деп Мындай эле андай эле деп жаза бересинби,илгери ал илгери, азыр алдыга карап умтулуп жашаш керек,торот уйуно болунгон акча сол чонтоко кетип жатат эгер билсен
+5
sarbo
2019-09-20 13:12:26
ондобосо дагын айтабыз,кокуй ондошпойт деп
+7
roksalana
2019-09-20 13:45:47
Кайсы заманда жашап атабыз!Ак уйго унитаз, кресло жанырткыча кененирээк больницаларды салдырбайбы
+19
roksalana
2019-09-20 13:47:22
Айылдын больницалары болсо да бир жон борбор калаабызда!
+20
ooki8888
2019-09-20 14:04:35
Эй "элита" эмне унчукпайсын!
+19
bond02
2019-09-20 14:44:52
Фортепиано да коюп койгонбу, аны аялдардын маанайы жокто ойноп береби.
+9
munira-tilen
2019-09-20 18:04:52
bond02, кееде ушинтип толуп кетет ко места жок жон еле бир комнатаны бошотуп берген го убактылуу бул жерде 1/2 кун ележатышса керрек
0
Umka..00
2019-09-20 20:33:12
bond02, Ал актовый залды палата кылышыптыр ошондон калыптыр фортепиано алынбай калыптырмишкен
+2
Azatbek.Svoboda.
2019-09-20 17:54:43
Ошол жоноткон балага телефондун чехолун подарит этип койгула! Айткандай деле эмес экен!
-4
nelli
2019-09-20 18:12:42
Элитага кабар кылып койгула укпай калбасын)))
+2
talaa11
2019-09-20 22:31:29
Биздин чондорду камчы менен баштарына чапкылай Берген Адам жок
+2
raykray
2019-09-22 00:56:06
Уят эле адамдар алдыга озуп атса биз жаны торогон энелерди жерге жаткырып, аларга азап болуп жататко жаны Тороп полго жатып туруш кандай кыйын
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан