Бүгүн, 20-сентябрда Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинде маалымат жыйын өттү. Жыйынга министр Улукбек Кочкоров да катышып, жөлөк пул, акчалай компенсациялар, ай сайын төлөнүүчү социалдык пособие тууралуу маалыматтар айтылды.
Анда айтылгандай, эми жарандар жөлөк пулдун чегерилиши же чегерилбеши тууралуу маалыматты “электрондук калькулятор” аркылуу эле үйүндө отуруп билип алса болот.
"Буга чейин жөлөк пулдарды алуу үчүн жарандар райондук же шаардык тейлөө борборлоруна келип кезек күтүп, кандай документтер керек экенин билишчү. Мындай жагдайда документ топтоо үчүн бир айга жакын убакыт кетчү. Эми бардык маалыматтар министрликтин электрондук интерфейсине киргизилип, маалыматты сайттан алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү", - дешти министрликтин өкүлдөрү.